Тайырбек Сарпашев жазгы талаа иштери боюнча бардык милдеттерди өз учурунда аткарууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 11-апрелде жазгы талаа иштеринин жүрүшүнө арналган селектордук жыйынга катышты.

Тайырбек Сарпашев билдиргендей, быйыл жазгы талаа иштери 15 күнгө кечигип жатат жана ал жаанчыл аба ырайы менен түшүндүрүлөт. Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө жазгы талаа иштери менен катар селден сактануучу каналдарды тазалап, алдын алуу иштерин да бирге жүргүзүүнү тапшырды.

Тайырбек Сарпашев дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо анын баасын кыйла төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк болгонун айтты. “Учурда минералдык жер семирткичтердин 70 тоннасы Кыргызстанга келди. Өкмөт тарабынан жер семирткичтерге коюлган баа төмөндөгүдөй, аммиактуу селитранын бир килограммы - 15 сом 70 тыйын, карбамид - 19 сом 62 тыйын, аммоний сульфаты - 11 сом 80 тыйын. Материалдык резервдер мамлекеттик фонду аркылуу 45 миң тонна минералдык жер семирткич алынса, калгандарын жеке тараптар алып келишти”,- деди Т.Сарпашев.

Биринчи вице-премьер-министр “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында дыйкан, фермерлерге, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөргө 2 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилгенин маалымдады.

“Быйыл мындай жеңилдетилген насыяларды 7 миллиард сомго жеткиребиз. Жергиликтүү бийлик дыйкан, фермерлер арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүсү абзел, себеби жеңилдетилген насыя алууну каалагандар мындай мүмкүнчүлүктөн өз учурунда пайдаланып калышы керек. Ошондой эле ар бир райондун борборунда “бирдиктүү терезе” иштеп, дыйкандар бюрократиясыз жеңилдетилген насыя алуу үчүн зарыл болгон документтерин чогултуусу керек”,- деди ал.

“Маалым болгондой, былтыр айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр кымбат насыяларды алышкан, турак жайлары күрөөдө, алар ушул төлөмдөр менен алек болууда. Ошол себептен кайра иштетүүчүлөрдүн жигердүүлүгү биз мерчемдегендей болбой, солгун болуп жатат. Бирок кайра иштетүүчүлөр жеңилдетилген насыя алууга кызыкдар. Ошол себептен ар бир аким кайра иштетүүчү компанияны көзөмөлгө алып, жеңилдетилген насыя алууга бардык жардамдарды беришиңиздер керек”,- деди Т.Сарпашев.

Биринчи вице-премьер-министр Суу чарба департаментине, облус жетекчилерине кыска мөөнөттө ирригация тармагын иретке келтирүүнү тапшырды. Ал тиешелүү органдар менен “Айыл банкка” Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүгүү банкы тарабынан айыл чарба техникасына лизинг үчүн 20 миллион доллар каражат бөлүү тууралуу келишиминин негизинде аткарыла турган ишти жигерлештирүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жазгы талаа иштери жөнүндө маалымат берди. Мерчем боюнча республикада 595 миң гектар жер айдалыш керек болсо, анын 177 миң гектары айдоодон өттү. Ошондой эле мерчемдеги 269 миң гектар жерге жаздык буудай себилүүгө тийиш болсо, учурда анын 100 миң гектарына себилди. Буудай мерчемдеги 131 миң гектардын 30 миң гектарына айдалды. Министрдин айтымында, жазгы талаа иштери толугу менен өз мөөнөтүндө аяктайт. Ал эми ирригациялык каналдар менен арыктарды тазалоого республика боюнча 4500 адам тартылган, 278 даана техника иштеп жатат. Былтыр бул учурда арыктарды 2864 адам тазалап, 200 даана техника иштеген.

Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн маалыматтарын уккан биринчи вице-премьер-министр селектордук жыйынга начар даярдыгы үчүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Жээналиевге эскертүү берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан