Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салуу боюнча коомдук угууларды өткөргөндөн кийин гана чечим кабыл алуу керек. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 11-апрелдеги өкмөт жыйынында айтты. Премьердин билдиришинче, бул маселени өкмөт аз алдынча чечип койбошу зарыл.
“Аталган маселени чечүүдө авто сүйүүчүлөрдүн, унаа ташуучулардын, оң рулдуу башкаруудагы унааларды ташуу менен иш алып барган компаниялардын кызыкчылыгын да эске алышыбыз зарыл. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги келе жаткан жумадан баштап сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун кеңири чөйрөдө коомдук талкууга коюп, андан соң гана чечим кабыл алышы абзел. Белгиленген талкууга мен өзүм катышып, бардык тараптардын оюн угууга даярмын”,- деди Оторбаев.