Кыргызстанда каттоодон өткөн 991 888 автоунаа бар, анын 127 миңи оң рулдуу

2013-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда каттоодон өткөн автоунаалардын саны 991 888ди түздү. Муну ички иштер министри Абдулда Суранчиев өкмөттүн 11-апрелдеги жыйынында билдирди. Министрдин билдиришинче, өлкөдө 127 383 оң рулдуу унаа бар (жалпы унаалардын 13 пайызын түзөт). Рулу оң жагындагы унаалар жол кырсыктарынын өсүшүнө себеп болуп жатканын айткан министр: “Мындай унаалар жалпы унаалардын 13 пайызын гана түзгөнү менен, кырсыктардын көрсөткүчү ушундай унаалардын арасында жыл сайын өсүп жатат. 2013-жылы катталган жол кырсыктарынын жалпы санынан алардын салыштырмалуу көрсөткүчү 21,4 пайызга өскөн”,- дейт.

Айта кетсек, акыркы жылдары оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизбөө демилгеси активдешти. Буга автоунаа бизнеси менен алектенгендер каршы. Калктын арасында да каршылар көп. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан