Оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, бюджет 1 миллиард 148 миллион сомдон айрылат. Муну каржы министри Ольга Лаврова өкмөттүн 11-апрелдеги жыйынында билдирди.
Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев оң рулдуу унааларды киргизүүдөн коркуунун кереги жок экенин айтат. Анын билдиришинче, оң рулдуу унааларды алып келүү жана каттоодо 3-4 гана ири оюнчунун экономикалык кызыкчылыгы жабыркайт, алар эч кандай жоготуусуз эле сол рулдуу унааларды Европа, АКШ өлкөлөрүнөн алып келишмекчи.