Өкмөт башчы: “Коррупцияга толеранттуулук болбойт”

"Коррупцияга толеранттуулук болбойт". Мындай пикирин 11-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөткө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин бизнес-компанияларды негизсиз текшерүү маселесине арналган жыйында билдирди.

Оторбаев 2008-жылга салыштырмалуу коррупциянын өсүүсү тууралуу маалымат айтты. Анын билдиришинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ишкерлердин 49 пайызы пара беришкендиктерин билдирген. Ал эми 2008-жылы бул көрсөткүч 37 пайыз болгон.

Бүгүн мен ишкерлерди текшерүүгө тиешеси бар бардык органдарга “Ишкер чөйрө жана ишканалардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы” изилдөөсү менен таанышып чыгып, анализ жүргүзүп, сунуштарды берүү тапшырмасын берем. Бардык жетекчилер мекемелериндеги коррупцияга жеке жооптуу. Бүтүндөй дүйнөгө уят болууга жол бербейбиз, андайларды биз кызматынан четтетебиз. Коррупцияга толеранттуулук жок”,- деди Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан