Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Бабур атындагы Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын алдындагы мыйзамсыз орнотулган 4 соода күркөсү алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына «Сулайман-Тоо», «Ак-Буура» муниципалдык мекемелеринин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз орнотулган мекемелер боюнча арыздануу келип түшкөн.