15-16-апрелде Бишкек шаарында күн ачык болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде "Погода" аба ырайын маалымдоочу ишкана билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы үч күндүн ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+14 болот. 17-апрелде кечке жуук жаан жаашы күтүлөт.