Япония бийлиги тарабынан өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан эки фермадан тоок тумоосуна чалдыккан 112 миң канаттуу жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Япониянын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кумамато шаарындагы тоок фермада кармалган 56 миң тооктон Н5 вирусу табылган. Мындан кийин башка фермалар да текшерүүгө алынып, дагы бир жайдан аталган вирус табылган. Жыйынтыгында эки фермадан 112 миң канаттуу жок кылынган. Андан соң тоок фермалар, канаттууларды ташыган унаалардын баары санитардык тазалоодон өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, Японияда акыркы 3 жылдан бери тоок тумоосу жайылып, башка өлкөлөргө таралуу коркунучу жаралып келет.