Янукович: "Украинада иш жүзүндө жарандык согуш башталды"

Экс-президент Виктор Янукович Украинанын жаңы бийлигине, анын ичинде ички иштер министри Арсен Аваков менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Валентина Наливайченкого эскертүү жасады. Чет элдик ММКларга таянсак, Янукович жаңы бийлик өзүнүн кылмыштуу буйруктары үчүн жоопкерчиликке тартылат.

“Эртеби-кечпи, азыркы бийлик өзүнүн кабыл алган чечимдери үчүн мыйзам алдында жооп берет. Дароо эле айтам: силер кылмыш жоопкерчилигине тартыласыңар” деген экс-президент Украинада иш жүзүндө жарандык согуш башталганын билдирди.

Янукович Украинанын күч органдарын элди атпоого чакырды. “Кол башчы катары ИИМге, Украинанын коопсуздук кызматына кайрылам. Кылмыштуу буйруктарды аткарбагыла, элди атпагыла. Ал үчүн силерди кечирбейт”,- деди ал.  

Экс-президент Украинанын чыгышында элге күч колдонуу операциясына АКШ кийлигишкенин айтат. “Киевге АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Жон Бреннан келип, Аваков, Турчинов менен жолугушту. Жолугушуудан кийин күч колдонуу акциялары боюнча чечим кабыл алынды. АКШ Украинадагы кырдаал боюнча тийиштүү жоопкерчилик тартат”,- дейт Янукович. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан