Бош орундар жарманкесинен 355 адам иш орду менен камсыз болгону айтылды

Бишкекте 9-апрелде өткөн "Жаштар" эмгек биржасы кезектеги жаштар үчүн уюштурган бош орундар жарманкесинин натыйжасында 410 жумушсуз адамдын 355и жумушка жолдомо, калгандары окуу жана кайра окуу боюнча консультацияларын алышты. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматта белгиленгендей, бош орундар жарманкесине 500дөн ашуун бош орундар билим берүү, курулуш, тейлөө соода тармактарынан топтолгон.

 

Көпчүлүк талап кылынган кесиптердин катарында эсепчи, кеңсе менеджери, соода агенти, курулушчулар, айдоочулар жана сатуучулар болду. 

Мындан тышкары 20 адам тез арада маектешүү аркылуу жумушка орноштурулганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akylbekkg
2014-04-14 12:03:36
Бул жарманкеси качан болуптур?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан