Бишкектин жаңы конуштарында ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн медициналык текшерүүлөр жүрүп жатат. Муну бүгүн, 14-апрелде мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
10-11-апрель күндөрү №13-үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо жаңы конуштарынын тургундарын текшеришти. Дарыгерлер тобун кардиолог, терапевт, невропатолог жана башкалар түзүп, 774 жаранды текшеришкени айтылды. 219 адам флюорографиядан өтүштү.
Бүгүн текшерүү иштери Көлмө конушунда жүрүп жатат.