Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алып кеткен табият кырсыгына байланыштуу Тажикстандын президентине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандагы көп адамдардын өмүрүн алып кеткен жер көчкүгө байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмонго көңүл айтуу катын жөнөттү.

“Тажикстандын түштүк-чыгышында көп адамдын өмүрүн алып кеткен табият кырсыгына байланыштуу терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз” деп айткан Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалай турганын билдирди. 

Эскерте кетсек, 13-апрелде Тажикстандын Куляб облусунда жер көчкү жүрүп, 13 адам каза тапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан