Асылбек Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Жандос Асановду кабыл алды.

Жолугушууда ТүркПАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле уюмдун эл аралык иштер жана социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча эки комиссиясынын 15-апрелде Бишкек шаарында өтүүчү жыйындары талкууга алынды.

Аталган уюм калыптануу жолунда баратканын айткан төрага анын динамикалуу өнүгүшү, эл аралык аброюнун бекемделишинин маанилүүлүгүнө токтолду.

Төрагага ТүркПАнын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу багытында жакынкы аралыкта жасалуучу пландар туурасында маалымдады. Муну менен катар ТүркПАнын кеңешинин кароосуна уюмдун айрым комиссияларын реорганизациялоо маселеси даярдалып жатканын кабарлады. Ошондой эле ушул жылдын күз айларында Бишкек шаарында аялдардын мамлекеттеги ролуна арналган эл аралык форум өткөрүү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан