Эртең, 15-апрелде Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын эки комиссиясынын: Эл аралык иштер боюнча комиссиясы менен Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын жыйыны өтөт.
Аталган комиссиялардын жыйынына ТүркПАга мүчө өлкөлөр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын комиссия мүчөлөрү, түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин жана "Түрксойдун", ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлиги менен Түрксой академиясынын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барарын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.