Кыргызстанда оппозиция сот, прокурорлордун айлыгын 100 миң сом кылууну сунуштоодо

Бүгүн, 14-апрелде Равшан Жээнбеков баштаган Улуттук оппозициялык кыймыл кризиске каршы өз сунушун жарыялады.

Билдирүүдө “Жогорку Кеңешке, өкмөткө сарпталган акча каражаттар 2 эсе, президенттин аппаратына 3 эсе азайсын. Анткени Кыргызстанда бюджеттин таңсыктыгы өсүп жатат, мамлекеттин экономикасы каатчылыкка туш болууда. Ушул жылы өкмөт бюджетти жабыш үчүн 500 миллион доллар өздөштүргөн” деп айтылат.

УОК үнөмдөлгөн акча каражатты төмөнкү тармактарга бөлүүнү сунуштады:

1. Соттук реформага. Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын жаңылатуу;

2. Судьялардын маянасын 100 000 сомго көбөйтүү;

3. Прокуратуранын кызматкерлеринин маянасын 100 000 сомго көбөйтүү;

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын жаңылатуу жана анын бюджетине сарпталган акча каражатты көбөйтүү;

5. Жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарга каржылык укук берүү.

“Ушул сунуштарды жакынкы 6-9 айда ишке ашырууга мүмкүн. Алар социалдык-экономикалык кырдаалды жакшы жакка өзгөртүп алат”,- деп белгиленет катта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан