Өкмөт: 14-апрелден баштап министрлердин иш пландары коомдук талкууга коюлат

Бүгүн, 14-апрелден тарта премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 2014-жылдын 8-апрелиндеги өкмөттүн программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулаган жыйында берилген тапшырмасына ылайык, министрлердин иш пландары жарыялана баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт жарандык коом менен ММКларды иш мерчемдерди талкуулап, алардын жакшырышы үчүн сунуш-пикирлерди иштеп чыгууга жигердүү катышууну суранат.

Министрликтер менен мекемелердин иш мерчеми жөнөкөй жарандарга түшүнүктүү, жатык тил менен жазылууга тийиш. Ал министр же мекеме жетекчисинин коом менен түзгөн келишими болот. Бардык милдеттер аткарыла тургандай, бирок жогорку деңгээлде болуусу зарыл. Бардык мерчемдер ММКда жарыяланып, элге жеткиликтүү болот. Ал документтин сапатына баа берип, аткарылышына көзөмөлдүк кылат. Ар бир жаран өкмөт кандай иштерди жасап жатат, эмне менен алек болуп жатканын так билиши керек,- дейт Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан