Өкмөт: Бүгүнкү күндөн баштап министрлердин иш пландары коомдун талкуусуна коюлат

Бүгүн, 14-апрелден баштап Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин 2014-жылдын 8-апрелиндеги өкмөттүн программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулаган жыйында берилген тапшырмасына ылайык, министрлердин иш пландары жарыялана баштайт.

Бардык мерчемдер КР Өкмөтүнүн жана министрликтер менен мекемелердин веб-сайттарында жарыяланып, коомдук талкууга коюлат. КР Өкмөтү жарандык коом менен ММКларды иш мерчемдерди талкуулап, алардын жакшырышы үчүн сунуш-пикирлерди иштеп чыгууга жигердүү катышууну суранат.

Эскерте кетсек, өкмөт башчы министрликтер менен мекеме жетекчилерине 3 күндүк мөөнөттө бир жылдык иш мерчемдерин сунуштоону тапшырган. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, министрликтер менен мекемелер өздөрүндөгү документтерге талдоо жүргүзүп, белгилүү максат, милдеттерин аныктоосу абзел. Мерчемдерди иштеп чыгууда Жогорку Кеңештин тапшырмаларын, укуктук демилгелерин эске алуу менен милдеттерди белгилөө зарыл.

“Министрликтер менен мекемелердин иш мерчеми жөнөкөй жарандарга түшүнүктүү, жатык тил менен жазылууга тийиш. Ал министр же мекеме жетекчисинин коом менен түзгөн келишими болот. Бардык милдеттер аткарыла тургандай, бирок жогорку деңгээлде болуусу зарыл. Бардык мерчемдер ММКда жарыяланып, элге жеткиликтүү болот. Ал документтин сапатына баа берип, аткарылышына көзөмөлдүк кылат. Ар бир жаран өкмөт кандай иштерди жасап жатат, эмне менен алек болууда, так билиши керек”,- деди Жоомарт Оторбаев 8-апрелдеги жыйында.

Премьер-министр сунушталган ар бир иш мерчемге министр же мекеме жетекчиси жооптуу боло тургандыгын баса көрсөттү. Документтердин сапатына вице-премьер-министрлер көзөмөлдүк кылышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан