Путин өзүнүн жана Медведевдин айлыгын 3 эсе көтөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн айлык акысын 2,65 эсеге көтөрдү. Ушундай эле көрсөткүчтө премьер-министр Дмитрий Медведевдин айлыгы жогорулатылганын орусиялык ММКлар 14-апрелде тийиштүү буйрукка шилтеме берүү менен жарыялашты.

Медведевдин бир айлык кирешеси 215 миң рублдан көбүрөөк, ал эми президент Путиндин айлыгы 280 миң рубль экени айтылды.  

11-апрелде мамлекет башчы жана өкмөт мүчөлөрү кирешелери тууралуу отчёт жарыялашты. Президент менен өкмөт башчынын кирешеси 2012-жылдагыдан аз көрсөтүлгөн. Путин 3,6 миллион рубль, Медведев 4,2 миллион рубль тапканы жазылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан