2014-жылдын 15-апрелинен 25-апрелине чейин республиканын бардык облустарында 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдор өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде КРнын Президентинин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тегерек столдордун катышуучулары ачык талкуулап, сунуштарын жана сын-пикирлерин айтыш үчүн концепциянын бет ачары өткөрүлөт.
"КРнын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу иштеп чыккан 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоору 2014-жылдын 9-апрелинде КРнын Президентинин аппаратында КРнын Президентине караштуу Коомдук эксперттик кеңештин кезектеги жыйынында талкуудан өттү. Талкуунун жүрүшүндө коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоору боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Концепциянын долбоору өлкөдөгү диний кырдаалга ылайык жазылгандыгы белгиленди",- деп айтылат билдирүүдө.