Кыргызстандагы лицензия алган бардык акча алмаштыруучу жайлар патентке акча төлөшөт. Муну бүгүн, 14-апрелде парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов билдирди.
Депутат Заирбек Жоошбеков өлкөдө 400дөй акча алмаштыруучу жай бар экенин билдирди. Айта кетсек, буга чейин атайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкектеги “Дордой” базарында лицензиясы жок 100дөн ашык акча алмаштыруучу жай иштеп жатканы айтылган.