Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 109 чакырымын оңдоого 10 миллион доллар бөлүнүүдө

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-августунда кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык макулдашуу колдоо тапты.

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, узундугу 199 чакырым болгон аталган унаа жолу эл аралык маанидеги жолдордун бири. 

"Алгачкы эки фазасынын 75 чакырымы "Ислам" өнүктүрүү банкынын насыя каражатына калыбына кетирилип бүткөндүктөн, эми анын акыркы бөлүгү каржыланганы жатат. Бул багытта "Сауд" өнүктүрүү фонду 10 миллион доллар жеңилдетилген насыя каражатын бөлүүдө",- дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан