Бишкек мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Чубак Абдыкулов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган кызматка дайындалган Марипа Абдиева мурунку кызматына (Социалдык өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн башчысы) кайра дайындалды.
Маалымат үчүн:
Абдыкулов Чубак Асылбекович 1976-жылдын 1-январында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинен экономика адистиги боюнча жогорку билим алып, аспирантураны аяктаган.
"Толубай" банкынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Андан соң "Газпромнефть - Казакстан" ишканасынын башчысынын орун басары, каржы боюнча адис кызматтарын аркалаган.