Айгүл Рыскулова (сүрөттө) Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Муну мэриянын маалымат кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди. Буга чейин аталган кызматта Айгүл Усубакунова иштеп келген. Ал 11-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кеткени айтылган эле.
Айгүл Рыскулова:
1964-жылы 23-ноябрда Бишкекте туулган.
Улуту - кыргыз.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.
Билими - жогорку, юрист.
Мамлекеттик кызматта көп жылдык тажрыйбасы бар.
Акыркы жолу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп иштеген.