Президент
Алмазбек Атамбаев "КРнын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 13-мартында кабыл алынган мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын айрым жоболорун аткарбагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү.
Мыйзам мамлекеттик же муниципалдык кызматкер тарабынан мүлк жана кирешелер жөнүндө декларацияны толук эмес маалымат менен тапшыргандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти, "КРнын Улуттук архив фонду жөнүндө" мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилейт жана айыптарды көбөйтүүнү камтыйт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.