Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 13-мартында кабыл алынган мыйзам кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу боюнча декларациялык кампаниянын 2013-жылдын 31-декабрында бүткөн мөөнөтүн узартууну камтыйт.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамына киргизилген толуктоого ылайык, жеке жактардын 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин деп белгиленет (Салык кодексинин 92-беренесине ылайык, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн жеке жактарга отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөт берилет).
Ошону менен катар "КРнын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" мыйзамына төмөнкү толуктоолор киргизилет:
- кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация КРнын жарандары 2013-жылга бирдиктүү салык декларациясын толтуруп, тапшыруу үчүн негиз болору тууралуу (мыйзамдын азыркы редакциясында ушул мезгил белгиленген эмес) декларациялык кампаниянын (легалдаштыруунун) мөөнөтү 2014-жылдын 30-июнуна чейин узартылары тууралуу өзгөртүү (мыйзамдын колдонуудагы редакциясында мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген).
Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.