Сотто өкмөттүн кызыкчылыгын коргой турган Соттук өкүлчүлүк борбору түзүлдү, бюджети 11 миллион сом
Кыргызстанда өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борбору түзүлдү, анын курамында 11 кызматкер бар. Маалымат Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 14-апрелдеги жыйынында айтылды. Борбордун директору Тимур Шамбетовдун билдиришинче, бул түзүм Юстиция министрлигинин курамынан өз алдынча бөлүнүп чыкты. Борбордун иши - жергиликтүү жана эл аралык соттордо КРнын Өкмөтүнүн өкүлү катары анын кызыкчылыгын коргоо. Соттук өкүлчүлүк борбору азырынча республикалык бюджеттен каржыланат. Ага 2014-жылдагы чыгымдары үчүн 11,4 миллион сом бөлүү сунушун киргизген. Каражат кызматкерлердин эмгек акысы менен иш сапар чыгымдарына жумшалат. Өкмөттүн аталган борборду түзүү жөнүндө токтомун комитет жактырды.