Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-апрелде “Амарзакан Голд” жана “Бограс Компани” ишканаларынын жетекчилиги менен жолугушту. “Бограс Компани” ишканасы Тогуз-Торо районундагы “Макмал алтын” комбинатында калдык сактоочу жайдагы заттарды кайра иштетүү менен алектенет. Оторбаев алыскы райондорду өнүктүрүү өкмөттүн негизги багыттарынын бири экенин, Тогуз-Торо сыяктуу райондор өзгөчө көңүл бурууга жана инвестицияга муктаж экенин белгиледи. Тоо-кен тармагында бир катар реформалар жасалганы менен, көйгөйлөр да бар экенин айтты өкмөт башчы. “2010-жылга чейин болуп келген көйгөйлөр калууда. Анда лицензияларды бөлүштүрүүдө ачыктык болгон эмес”,- деди Оторбаев.