Жоомарт Оторбаев жетекчиликтин тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн мекемелердин кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги караларын айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтер менен мекемелердин кызматкерлеринин аткаруучулук тартибин күчөтүүгө байланыштуу кеңешме өткөрдү. Кеңешме КР Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси жана вице-премьер-министрлердин катышуусунда өттү. Бул тууралуу 14-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Кеңешменин башкы максаты – берилген тапшырмалардын аткарылыш сапатына көңүл буруу жана кызматкерлердин аткаруучулук тартибин күчөтүү.

Жоомарт Оторбаев жетекчиликтин тапшырмаларын аткарбагандыгы же сапатсыз аткарылгандыгы үчүн өкмөттүн аппаратынын, министрликтер менен мекемелердин кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги караларын эскертти.

Премьер-министр кызматкерлердин ишинин сапатын баалоо сунушун киргизүүнү тапшырды, ага ылайык, кызматкерлерди сыйлоо же жазалоо жагы каралат.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев вице-премьер-министрлерге министрликтер менен мекемелерден келген документтердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ал иш кагазынын сапаты ар бир мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнүн негизги чен өлчөмү болорун белгиледи.

Жоомарт Оторбаев дагы бир чен өлчөм катары тапшырмалардын өз учурунда аткарылышы экенин айтты. “Ар бир тапшырма менен буйрук белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш”,- деп кошумчалады өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан