Москвадагы кинотеатрлардын биринде Кыргызстандын кинематографисттери тарткан “Мигрант” аттуу жаңы тасманын бет ачары болуп өттү. Фильмдин режиссёру - Медин Учкеев, продюсери - Мухтар Атаналиев. Бул иш-чараны уюштурууга “Мекенчил жаш” жаштар бирикмеси көмөк көрсөтүп, фильм кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө жана каалоочуларга тартууланды.
“Кыргызстанда бул социалдык драма өткөн жылдын башынан тарта көрсөтүлүп келүүдө. Мына эми аны Орусиянын борборунда жашаган мекендештерибиз да көрө алышты. Аземге диаспоранын активисттери, студенттер, ишкерлер, эмгек мигранттары чакырылган. Алардын айрым бөлүгүн чакыруу билеттер менен камсыз кылдык”,- дейт “Мекенчил жаш” жаштар бирикмесинин төрагасы Темирулан Бекботоев.