Ош. Облус башчы Сооронбай Жээнбеков БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын жакырчылыкты кыскартуу боюнча менеджери Даниела Гелзди кабыл алды

14-апрелде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын жакырчылыкты кыскартуу боюнча менеджери Даниела Гелзди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна аталган программа тарабынан абдан чоң жардамдар берилип жатканын белгилеп, мындан ары акча каражаттары айыл чарба, кайра иштетүү багытына жумшалса деген сунушун киргизди.

“Көп социалдык маселелер чечилип жатат, бирок сиздер тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону экономикалык багытка өзгөртсөк деген сунушубуз бар. Азыркы учурда биз экологиялык таза продукция менен экспортко чыгуунун үстүндө иштеп жатабыз. Эт, сүт, мөмө- жемиштерди кайра иштетүү элдин экономикалык абалын кыйла жогорулатмак. Бул үчүн гранттык негизде келген акча каражаттарына муктажбыз”,- деди Жээнбеков.                      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан