Социалдык өнүктүрүү министрлиги Жеңиш күнүнө карата жөлөк пулдарга 44 миллион сомдон ашуун каражат бөлдү

9-Май - Жеңиш күнүнө карата Социалдык өнүктүрүү министрлиги жөлөк пулдарга 44,4 миллион сом каражат бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, 14-апрелге чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин
жөлөк пулдарына 1 миллион 238,3 миң сом каражат берилди.

“Жеңиш күнүнө кошумча акчалай жөлөк пулдарга 43 миллион 224,5 миң сом каражат каралды. Республикалык бюджеттен жалпы 44 миллион 462,7 миң сом бөлүндү”,- деп билдирди Социалдык өнүктүрүү министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан