“Кыргызстанда жылдан-жылга шайлоолор ачык-айкын өтө баштады” дейт Туйгунаалы Абдраимов

“Кыргызстанда жылдан-жылга шайлоолор ачык-айкын өтө баштады”,- деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Ал муну 15-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан КРны туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин 4-жыйынында айтты.

“Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде шайлоонун ачык-айкындыгы жыл сайын жакшырып жатат”,- деп билдирди Абдраимов.

Айта кетсек, кеңештин бүгүнкү жыйынында 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоого даярдык жана кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси каралат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан