5 миллион калкы бар Кыргызстанда шайлоого 6 миллион адам катышат. Бул тууралуу 14-апрелде КРнын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси, шайлоо системин өнүктүрүү тобунун башчысы Данияр Нарымбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү шайлоолордо акыркы жолу 6 миллион адамдын катышкандыгы белгилүү болгон. Шайлоочулардын тизмеси Кыргызстандагы шайлоо процессиндеги негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.
“Айрым адамдарда экиден паспорт болсо, тизмеден өлгөн адамдардын аттары да табылган. 2011-жылы Борбордук шайлоо комитети менен ЮСАИД иш алып барып, шайлоочулардын бирдиктүү тизмесин түзүү колго алынган. Азыркы тапта “бир шайлоочу – бир добуш” принцибин өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”,- деди ал.
Ошондой эле биометриялык паспортторду ишке киргизүү шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик берерин айтып, бул процессти тездетүү керектигин кошумчалады.