Тайырбек Сарпашев: "Фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө кемчиликтер болууда"

14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо – 2” токтомун аткаруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Сарпашевдин айтымында, эки жылдан бери фермерлерге коммерциялык банктар менен кызматташтыкта берилип жаткан жеңилдетилген насыялар системдүү мүнөздө.

Бүгүнкү күнгө карата берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү 2 миллиард 200 миллион сом. Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард сомго көп. Бардык механизмдер иштелип чыкканына карабай насыяларды берүүнү кечеңдеткен фактылар кездешүүдө. Бул айрым район борборлорунда “бирдиктүү терезелердин” кайдыгер иштеп жаткандыгы менен аныкталат”,- деди Тайырбек Сарпашев.

Өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иши жана жергиликтүү башкаруу бөлүмүнө кайсы райондордо “бирдиктүү терезе” начар иштеп жатканын аныктоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан