14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо – 2” токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө кеңешмеде айыл чарба техникасын лизингге берүүдө банктардын насыялоосуна басым жасады.
“Биздин өлкөдө айыл чарбасынын келечеги күчтүү кайра иштеп чыгаруучу ишканалары менен айыл чарба техникасын лизингге берүүдө банктардын насыялоосун өнүктүрүүдө. Биз чийки заттарды өндүрүү деңгээлине көтөрүлүшүбүз керек. Европада агрардык тармакта жогорку технологияны жигердүү жана кеңири пайдалануу менен өлкөнүн экономикасын кармап турган мамлекеттер бар. Мындай технологияларды биздин айыл чарбабызга да жайылтуубуз зарыл”,- деди Тайырбек Сарпашев.
Биринчи вице-премьер-министр коммерциялык банктардын жетекчилерине күнөскана чарбаларына насыя берүү ишин да колго алууну сунуштады.