Премьер Жоомарт Оторбаев биринчи вице-премьердин жана вице-премьерлердин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрдү

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-апрелде биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын аткара турган иштерин бөлүштүрүү тууралуу буйрукка кол койду.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана көзөмөлдөйт. Ал КРнын Юстиция, Тышкы иштер, Каржы министрликтерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иштерин координациялайт. 

 

 

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин координациялайт.

Вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргыз Республикасынын Экономика, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрликтеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик байланыш агенттигинин, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, КРнын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдорунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев КРнын Коргоо министрлигинин, ИИМдин, ӨКМнын, УКМКнын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, КРнын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин көзөмөлдөп турат.

 

 

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Социалдык өнүгүү министрлиги, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Жогорку аттестациялык комиссиясынын, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишин көзөмөлгө алат. Ошондой эле “Слово Кыргызстана”, “Кыргыз Туусу” басма үйлөрүнүн, “Эркин-Too” гезитинин жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” телерадиоберүү компаниясынын ишин координациялайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан