Бишкекте Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 4-отуруму өтүп жатат (фото)

Бишкекте бүгүн, 15-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 4-отуруму өтүп жатат. 
Жыйында Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна чыгарылган маселелердин мааниcин белгиледи. 
“Кыргызстандын туруктуу жана стабилдүү өнүгүүсүнө шайлоо экономикалык өнүгүү, коррупция менен күрөшүү, аскер жана сот реформалары сыяктуу эле маанилүү. Биздин эл кээде экономикалык көйгөйлөр менен жакырчылыкка чыдашы мүмкүн, бирок адилетсиздикке чыдабайт. 2005-жылдын февралында таза парламенттик шайлоо өтсө, 2005-жылдын Март окуялары болмок эмес. 2010-жылдын Апрель окуяларынын башталышы да 2007-жылдагы абдан адилетсиз өткөн шайлоодон жана 2009-жылкы президенттик шайлоодогу көп сандагы мыйзам бузуулардан улам болгон”,- деди өлкө башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан