Бүгүн, 15-апрелде журналист Эрнис Кыязов: “ОшТВ” телеканалынын башкы башчысы кызматынан кеткеним жаңы инвестордун келишине байланыштуу эмес”,- деп SUPER.KG порталына билдирди.
“Ооба, “ОшТВ” телеканалы орусиялык инвесторго (ред. - Максим Кротов) сатылгандыгы анык. Мен өзүмдүн каалоом менен кызматымдан кеттим. Бул жаңы инвестордун келишине байланыштуу эмес. Менин өзүмдүн чыгармачыл пландарым, долбоорлорум бар. Жакында алардын ишке ашарына ишенем”,- деди Кыязов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-апрелде "ОшТВ" телеканалы орусиялык инвестор Максим Кротовдун жеке менчигине өткөндүгү тууралуу маалымат таратылды.