Жириновский бүгүн парламент жыйынына аскердик форма менен келди

Владимир Жириновский бүгүн, 15-апрелде Мамлекеттик Думанын жыйынына Орусия Куралдуу күчтөрүнүн полковнигинин формасын кийип келди. Жириновскийдин залдагы сүрөттөрүн көптөгөн депутаттар Тwitter аркылуу жарыялашты. Светлана Журова деген депутат кесиптешинин сүрөтүн “Владимир Вольфович бүгүн Думада абдан кооз болуп жүрөт” деп жарыялады.

Жириновский аскердик формачан жыйынга келишин Украинадагы кырдаалга байланыштырды. Киев бийлиги Донецкке аскер күчтөрүн киргизип, атайын операция баштаганын белгилеген депутат: Мен бүгүн мыйзам жол берген форманы кийип келдим. Анткени Киевде аскердик топ кандай кийингенин көрүп жатам. Турчинов жана башкалар... Аларга камуфляж беришти. Мына, эмне үчүн майдан болду? Коррупция менен күрөшүү үчүн эмес. Европа ок-дары жыттансын деп Майданды АКШ уюштурду. Мунун арты менен бюджетти кескин көтөрүү үчүн”,- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан