Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети социалдык чөйрөгө тиешелүү болгон мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Анда депутаттар Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, Абдулатип Режевалиев жана Нурбек Алимбеков демилгелеп жаткан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.
Мыйзам долбоорунун максаты - ата-энелеринин камкордугунан айрылган, жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо үчүн укуктук негиздерди түзүү, мүлккө байланыштуу бүтүмдөрдү жасоо жана каттоо тартибин жөнгө салуу. Ага ылайык, Балдар жөнүндө кодекске, Турак жай кодексине, Граждандык кодекске, Жер кодексине жана айрым башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы келип чыкты.
Талкуу жүрүшүндө демилгечилердин бири Мирлан Бакиров КР Конституциясынын 36-беренесиндеги аныктамаларды мисалга келтирип, “мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат” деген негиздерге түшүндүрмө берди.
Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева "Жакындарынын колдоосу жок калгандарга кам көрүү керектиги Баш мыйзамда гана эмес, Куранда деле жазылган.Ошондуктан биз ишкерлерге кайрылып, курулуп жаткан үйлөрдүн 5 пайызын жетим балдарга берүү жагын суранабыз. Бул соопчулук иш",- деди.