Жоомарт Оторбаев облус башчыларына "планыңарды эл түшүнө турган жөнөкөй тилде жазгыла" деди

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-апрелде 7 облустун башчылары жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери менен жолугушту. Аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн негизги милдети экенин белгилеген өкмөт башчы бардык облус башчыларынын жана Бишкек менен Оштун мэринин социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы бар экенин айтты.

“Бирок бул пландар татаал, бюрократтык тилде жазылып калган. Жөнөкөй адамга ал документтин маңызын түшүнүү кыйын. Мындай документти көпчүлүк түшүнө турган жөнөкөй тил менен, спецификалык терминдерди колдонбой жазуу керек”,- деди Оторбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан