Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 15-апрелде социалдык блоктогу министрликтердин башчылары менен кеңешме өткөрдү. Анда министрлердин жекече пландары талкууланды.
“Министр өзүнүн тармагы үчүн жекече жоопкерчилик тартат. Министрлер тарабынан берилген ар бир убада кыргызстандыктардын муктаждыгына жооп бериши шарт”,- деди Сариева.
Жолугушууда министрлердин пландары кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.