2013-жылы акыйкатчыга 17 миңдей жаран кайрылганы айтылды

2013-жылы акыйкатчыга 17 миңдей жаран кайрылган. Маалыматты бүгүн, 15-апрелде акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде 2013-жыл боюнча баяндама жасап жатканда билдирди.

Айтымында, 2013-жылы акыйкатчынын дарегине 2466 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн. Ал эми 4110 жаранга оозеки кеп-кеңеш берилген. 

"Көптөгөн жарандар укуктарынын одоно бузулуп жатканын билдирип, соттук териштирүү жүрүшүнө Акыйкат институтунун өкүлдөрүнүн катышуусун өтүнүшүүдө. Мисалы, 535 кайрылууда ушундай өтүнүч камтылган. Бир судьянын бир эле иш боюнча бири-бирине карама-каршы келген чечимдерди кабыл алган көрүнүш көп",- дейт Аманбаев.

Акыйкатчы түзөтүү мекемелериндеги адамдардын саны боюнча бири-бирине дал келбеген маалыматтар берилип жатканын айтты. 

Жыйынтыгында акыйкатчынын 2013-жыл боюнча отчётун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан