Депутаттар Улуттук банктын төрайымын кызматтан бошотуу маселесин тезирээк кароону сунушташты

Парламенттин 16-апрелдеги жыйынында депутаттар Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоеваны кызматынан бошотуу маселесин тездетүүнү сунушташууда. Депутат Карганбек Самаков Улуттук банктын төрайымы башка кызматка которулуп жатканын айтты. 

“Өз каалоосу менен кызматтан кеткени жаткан кызматкердин маселесин кароону тездетишибиз керек. Муну кезексиз күн тартибине киргизели”,- деди Самаков.

Депутат Бөдөш Мамырова: “Өткөндө доллардын курсу кескин өсүп кетти эле, бүгүн Улуттук банктын башчысы кызматтан кеткени жатат. Ушундай маданиятты үйрөнүшүбүз керек”,- деп билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан