Ош-Бишкек жолунда каза болгон 2 милиция кызматкери боюнча иликтөө жүрүп жатат. Муну ЖКнын 16-апрелдеги жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.
“Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Териштирүүлөр бүткөндөн кийин парламенттин тийиштүү комитетине келип маалымат беребиз”,- деди вице-премьер.
Буга чейин депутаттар аталган кырсыкты парламентте кароону сунушташкан.