"Акыйкатчы мыкты иштеш үчүн акча маанилүү эмес, мекенчилдик башкы орунда". Муну парламенттин 16-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу айтты. Депутат Бакир уулу акыйкатчынын 2013-жыл боюнча жылдык отчётуна макул эмес.
“Акча жетпей жатат дей берүү туура эмес. Мен акыйкатчы болуп иштегенде мекеменин бюджети 4 миллион сом болчу, азыр 28 миллион сомду аз деп жатасыз. Мурунку акыйкатчыны Азиз Батукаев боюнча иштен алдык эле, сиздин баяндамаңызда ал тууралуу бир да маалымат жок”,- деди Бакир уулу.
Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев айтылган сунуштарды эске ала турганын билдирди.