Академик Бектемир Мурзубраимов премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка 14-мартта мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. 2014-жылдын 25-мартында өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчылык кызматтан кетүү үчүн арыз берген.
Бектемир Мурзубраимов 2012-жылдын 19-апрелинен бери Химия жана химиялык институтунун жетекчиси жана КР Президентинин коомдук кеңешчиси болуп келген.