Темирбек Бекмамат уулу: “Акыйкатчынын Башкы прокуратура таптакыр иштебей жатат дегени туура эмес”

Жогорку Кеңештин16-апрелдеги жыйынында башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу “акыйкатчынын Башкы прокуратура таптакыр иштебей жатат дегени туура эмес” деп билдирди. Айтымында, укук бузууларга каршы күрөшүү - Башкы прокуратуранын негизги иштеринин бири.

"Таптакыр иштебей жатат" деген туура эмес, мүмкүн, кемчиликтер бардыр. Акыйкатчы институтунан 2013-жылы 250 кайрылуу түшүп, анын 36сы канааттандырылды. Кайрылуулардын саны боюнча жаралган айырма каттардын кайталанып келишине байланыштуу болушу мүмкүн",- деди Бекмамат уулу.

Айрым депутаттар акыйкатчынын Башкы прокуратураны сындашын эрдик катары баалап, колдоого алышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан