Акыйкатчы: “КТРК Акаев менен Бакиевдин убагындагыдай иштеп жатат”  

КТРК ушу тапта Акаев, Бакиевдин убагындагыдай иштеп жатат. Муну бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2013-жыл боюнча отчёт берүү маалында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. Айтымында, аталган каналдан бир жактуу маалыматтар берилүүдө. 

“10-апрелдеги оппозициянын митингин да бир тараптуу берди. Конституция боюнча, соттун чечими чыкмайынча кимдир бирөөнү күнөөлүү деп айта албайбыз. КТРК айрым саясатчылар боюнча сот чечими чыга электе эле бир жактуу каралап жатат”,- деген акыйкатчы депутат Ахматбек Келдибеков менен Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовду мисал келтирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан