Акыйкатчыга 2013-жылы жардам сурап кайрылгандардын 47 пайызын аялдар түздү. Муну бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2013-жыл боюнча отчёт берүү маалында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. Айтымында, аталган органга кайрылган адамдардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Былтыркы кайрылуулардагы маселелердин 80 пайызы Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарына кирбегендиктен, тиешелүү органдардын кароосуна жөнөтүлдү.
“Көптөгөн жарандар укуктарынын одоно бузулуп жатканын билдирүү менен, сот жүрүмүнө Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн катышуусун өтүнүп жатат. Мисалы, 535 кайрылууда ушундай өтүнүч камтылган”,- дейт Аманбаев.